Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

“Ар бир мугалимдин лидерлик шыгын өнүктүрүү керек”


“Борбор Азиядагы билим берүү лидерлигин кайра карап чыгуу” китебинин атворлору Мир Афзал Тажик жана Тседисо Майкл (солдон оңго).
“Борбор Азиядагы билим берүү лидерлигин кайра карап чыгуу” китебинин атворлору Мир Афзал Тажик жана Тседисо Майкл (солдон оңго).

Жакында Борбор Азиядагы Америка университетинде өзгөчө китептин бет ачары болду. “Борбор Азиядагы билим берүү лидерлигин кайра карап чыгуу” деп аталган бул эмгектин авторлорунун бири, Назарбаев университетинин профессору, Жогорку билим берүү мектебиндеги PhD программасынын директору, доктор Мир Афзал Тажик менен болгон маекти сунуштайбыз.

Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

– Назарбаев университетинде жети жарым жылдан бери магистратура жана докторантурада сабак берип, студенттердин изилдөө иштерине жетекчилик кылам. Пакистандын түндүгүндөгү Читрал шаарынан болом. Билим берүүдөгү реформа жана лидерлик боюнча Торонто университетинен илимий ишимди жактап, өзүм дагы окуу жайларды жетектеп келгем.

Эмне үчүн бул китепти жазууну чечтиңиздер?

– Мен Казакстанга келгенден бери Борбор Азия өлкөлөрүндө лидерлик жана аны кантип түшүнүп, кантип иштээри боюнча адабияттар жокко эсе экенин байкадым. Ушул багытта салым кошуу үчүн кесиптешим профессор Тседисо Майкл Макоелле экөөбүз бул китепти жазууну чечтик. Ал Түштүк Африкадан келип, Назарбаев университетинде иштеп жатат. Китепке айрым бөлүмдөрдү кошуу үчүн Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн авторлору менен байланыштык. Бизге тогуз өлкөдөн 16 автор кошулду – баары Борбор Азияда иштеп, изилдөө жүргүзүшкөн.

Сүрөттө: (солдон оӊго) Назарбаев университетинин магистратурасын бүтүрүүчүсү Бакнур Зиябеков, Назарбаев университетинин профессорлору Дүйшөн Шаматов, Тседисо Майкл жана Мир Афзал Тажик.
Сүрөттө: (солдон оӊго) Назарбаев университетинин магистратурасын бүтүрүүчүсү Бакнур Зиябеков, Назарбаев университетинин профессорлору Дүйшөн Шаматов, Тседисо Майкл жана Мир Афзал Тажик.

Сиздердин китепте лидерликтин кайсы моделдери сүрөттөлгөн?

– Көп өлкөлөрдө бюрократиялык лидерлик таралган. Кызмат абалы, даражасы жогору тургандар кол алдындагыларды көрсөтмө, буйрук менен эле башкара беришет. Бирок бул модель билим берүү тармагына туура келбейт, анткени жакшы натыйжага жеткирбейт. Ошондуктан китепте лидерликтин ар кайсы моделдерин камтыдык. Мисалы: бөлүштүрмө лидерлик, биргелешкен лидерлик, катышууну камсыздаган лидерлик, этикалык лидерлик, харизматикалык лидерлик, стратегиялык лидерлик, трансформациялык лидерлик.

Биздин китепте мектепте же университетте лидерлик жеке адам ээлеген кызмат орду эмес, ошол билим берүү уюмунун ар кайсы мүчөлөрү тааныган жана кабыл алган практика экенин айтабыз. Ошондуктан биз лидерликтин Борбор Азиядагы билим берүү мекемелеринде жайылтыла турган трансформациялык, бөлүштүрмө жана демократиялык сыяктуу моделдерин талкуулайбыз. Мектептерде жана ЖОЖдордо билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн Борбор Азиядагы билим берүү мекемелеринде кеңири жайылган бюрократиялык жетекчилик стилин өзгөртүү керек. Лидерликтин саясатын жана практикасын кайра карап чыгып, мектептерде жана университеттерде бардык кызматкерлердин көбүрөөк катышуусун камсыздаган бөлүштүрмө лидерлик жана трансформациялык лидерлик моделдерин ишке ашыруу керек.

Трансформациялык лидер дегенди бир аз чечмелеп бериӊизчи?

– Трансформациялык лидер - алысты көрө билген, жагдайларды башкалардан тереӊ түшүнгөн, он-он беш жылга мерчемдей билген, жаӊылыктарды мекеменин өнүгүшү үчүн киргизе алган көндүмдөрү бар инсан. Мындай лидер окуу жайдын ийгилигине таасир этиши ыктымал болгон экономикалык, саясий, геосаясий ж.б. факторлорду иликтей билет жана аларды туура колдоно алат. Ал жаӊы шарттарга, мезгил талабына жараша өзгөрүп, адамдардын ыӊгайлашуусуна жардам берип, туура жол таба билген адис болот. Трансформациялык лидер жеке өзү эле чечим чыгарбай, жол тандоо укугун бөлөк кызматкерлерге да ыйгарат. Ошондо натыйжалуу башкарууга алар да салым кошот.


Стив Жобстун маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө жана жайылтууга лидерлик таасири абдан чоң болгонун баарыбыз билебиз. Билим берүү тармагындагы ошондой өзгөрүүлөргө түрткү берген адамдар барбы?

– Билим берүү тармагында Жон Дьюи, Пауло Фрейре, Бурдье жана башкалар сыяктуу окумуштуулар билим берүүдөгү лидерлик адабиятына эң чоң салым кошушкан. Майкл Фулан, Энди Харгривс, Кеннет Лейтвуд, Алма Харрис жана башкалар сыяктуу заманбап авторлор да билим берүү тармагындагы лидерликти өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан. Заманбап окумуштуулардын иши бүткүл дүйнө боюнча демократиялык жана трансформациялык лидерлик моделдерин алдыга сүрөдү.

Лидерлик шыкты басынтпай, өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?

– Мисалы, жаш баланы алалы. Анын шык-жөндөмүнө, талантына чексиз ишеним болууга тийиш. Демек, анын өсүшү үчүн шарт түзүп, тийиштүү чөйрөгө аралаштырабыз, колдоп турабыз. Баланын тандоо жана чечим чыгаруу укугу болот. Тескерисинче, эгер аны башынан эле колуӊдан эчтеке келбейт деп, тыйып, тескей берсек, лидерлик шыгым жок экен деп өспөй кала берет. Ал эми мектепте жетекчи ар бир мугалимдин лидерлик шыгынын өзгөчөлүгүн байкап, сезип, өнүгүшүнө, мектепте колдонуусуна шарт түзүшү зарыл. Ошондо ар бир мугалимдин өсүшү бүтүндөй мектептин ийгилигине, жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө чоӊ салым болот, өбөлгө түзөт.

Азыркы дүйнөдө билим берүү системасы лидерликтин кайсы моделине муктаж?

– Биздин китепте айтылгандай, дүйнөнүн бардык жеринде иштей турган универсал модель жок. Ошентсе да “баатырдык” лидерликтин эч бир түрү жарабай турганын айта кетейин. Анын ордуна мектептерде чечим кабыл алууда директорлордун, директорлордун орун басарларынын, усулдук бирикме башчыларынын, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин жигердүү катышуусун камсыз кылган лидерликти жактайбыз. Мисалы, бөлүштүрмө лидерлик директор менен мектеп жамаатынын бардык мүчөлөрү ыйгарым укуктарды да, жоопкерчиликти да чогуу көтөрүшү үчүн ишти туура бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Кайсы өлкөлөрдө лидерликтин эң ийгиликтүү үлгүлөрү колдонулууда? Мунун кандай себептери бар?

– Финляндия, Сингапур, Япония жана башкалар сыяктуу өлкөлөрдө мектептерди башкаруунун борборлоштурулган эмес, автономия берген системасы иштейт. Мектептер менен мугалимдерге административдик жана академиялык эркиндик берилген. Мындай система ошол мектептердин жана мугалимдердин өз убагында чечим кабыл алышына жана төмөндөн өйдө карай реформалардын демилгеленишине мүмкүнчүлүк берет. Албетте, көзөмөл жүргүзүү жана мектептерде белгилүү бир стандарттарды камсыз кылуу үчүн борбордук байланыш түйүнү болууга тийиш. Мектептер менен мугалимдер өздөрүнүн уникалдуу муктаждыктарына жана шарт-жагдайына жараша чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Борбор Азиядагы мектептер төмөн жактан башталуучу демилгелерди жогорудан колдоого алган башкаруу системасына муктаж.

“Борбор Азиядагы билим берүү лидерлигин кайра карап чыгуу” китебинин мукабасы
“Борбор Азиядагы билим берүү лидерлигин кайра карап чыгуу” китебинин мукабасы

Сиз көп жылдан бери Борбор Азияда иштеп келет экенсиз. Бул аймактагы өлкөлөрдүн билим берүү тармагында лидерликтин кайсы моделдери калыптанган? Алдыӊкы тажрыйбаны өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?

– Бул өлкөлөрдө лидерликтин авторитардык моделинен демократиялык моделге акырындык менен өтүү жолун иштеп чыгуу зарыл. Бөлүштүрмө лидерлик – учурдун талабы. Сингапур, Финляндия жана Япония сыяктуу өлкөлөр демократиялык лидерликтин жана билим берүү мекемелериндеги башкаруу моделдеринин аркасында билим сапатын абдан жогорулатып келет.

Борбор Азия өлкөлөрү көп жылдар бою Советтер Союзунун курамында болуп келгендиктен, билим берүү мекемелериндеги борборлоштурулган башкаруу жана бюрократиялык көзөмөл ыкмаларын дагы эле сактап жүрүшөт. Ырас, кезинде советтик системанын деле ийгиликтүү жактары болгон. Бирок, дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, авторитардык жана борборлоштурулган лидерлик моделдери мындан ары натыйжалуу иштебейт.

Ошол эле учурда бардык мектептерге жана университеттерге жарайт деп лидерликтин кайсы бир түрүн же моделин сунуштабайбыз. Биздин китепте лидерлик контекстке жараша болору түшүндүрүлөт. Ар бир билим берүү мекемеси өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана муктаждыктарына эң ылайык келген лидерлик моделин тандап алганы оӊ. Эӊ башкысы, чечим кабыл алуу процессине бардык мүчөлөрдү тартуу керек.

Биздин билим берүүдөгү лидерликке тиешелүү эӊ орчундуу маселе кайсы? Аны кантип чечүүгө болот?

– Борбор Азияда лидер болуу үчүн атайын даярдык, компетенттүүлүк талап кылынарын көпчүлүк эске албай калган. Борбор Азия өлкөлөрү узак жылдар бою Советтер Союзунун курамында болуп келгендиктен, борборлоштурулган көзөмөл, пландоо тартиби абдан катуу таасир эткен. Кызматкерлерди стажына жараша жетекчи кылып дайындоо салты бар.

Лидер катары атайын даярдыктан өтпөгөндүктөн, көбү кыйналып калат. Жаш курагына же эмгек стажына басым жасалбашы керек. Кээде лидерлик шык-жөндөмү, даремети бар жаш эле мугалим же окутуучу мыкты жетекчи болуп калышы мүмкүн. Лидерлерди даярдоочу адистердин да тийиштүү камылгасы, билими болушу кажет. Жаш жетекчилерди ийгиликтүү иштеп жаткан мектептерге, университеттерге практикага алып барып, тажрыйба үйрөнүүсүнө шарт түзсө болот. Тажрыйба алмашуу болбосо, көпчүлүк жетекчилер өз казанында кайнап, өспөй кала берет.

Ушул жерден соңку кезде эӊ көп талкууланып жүргөн “улуу адам” теориясы жөнүндө да айта кетели. Бул теорияга ылайык, адамдарды лидерликке даярдоо мүмкүн эмес, себеби адам лидер болуп төрөлөт деп эсептелет. Буга кайчы келген теорияда эгер алгылыктуу шарт, чөйрө түзүлсө, ар бир адам лидер болуп өсүшү мүмкүн экендиги көрсөтүлөт. Лидерлерди адис катары даярдоо керек. Ошентип, авторитардык моделден демократиялык моделге акырындык менен өтүү жолун тандоо, иштеп чыгуу зарыл. Бөлүштүрүү лидерлиги керек.

Дегеле бардык өлкөлөргө бир гана типтеги лидерликти сунуштасак болбойт, анткени ар биринин өз жолу, саясий, маданий өзгөчөлүктөрү бар. Атүгүл бир эле шаардагы эки университетте эки башка модель колдонулушу мүмкүн. Бардык жагдайларды, кырдаалдын өзгөрүүсүн, тийиштүү шартта натыйжалуу болушун эске алып, ар бир окуу жайда туура жолду тандашы керек.

Ырас, эски системадан дароо эле бошонуп чыгуу, эркиндикке жетүү мүмкүн эмес. Адамдар чечим кабыл алууга катыша аларын көрүп, эӊ зарыл көндүмдөрдү өздөштүрсө, төмөн жактан демилгелер улам барган сайын көбүрөөк көтөрүлө берсе, бөлүштүрмө, демократиялык лидерликти ырааттуу түрдө калыптандырууга, жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG