Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

"Жунда" заводуна абаны булгаганы үчүн 28 миң сом айып пул салынды


 “Жунда” заводу
“Жунда” заводу

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү "Жунда" заводу абага зыяндуу заттарды чыгарганы үчүн 28 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан аталган заводдун аймагында пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө абага булгоочу заттар чыгарылган фактылар аныкталды. Жыйынтыгында, мыйзам бузуу тууралуу протокол түзүлүп, укук бузуулар кодексине ылайык ишканага 28 миң сом айып пул салынды жана мүчүлүштүктөрдү жоюу милдеттендирилди", - деп жазылган маалыматта.

Ага ылайык, 25-майдан тарта заводдун иши мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында тесттик түрдө токтотулду.

Заводду текшерүүгө ишканага жакын жайгашкан Ново-Николаевка айылынын тургуну "Чайна Петроль компани Жунда" ишканасы абаны булгап жатканына даттанышы негиз болгон.

“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

Өкмөт заводдун иши быйыл күздөн тарта жанданарын билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG