Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт


5-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG