Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "хакердик чабуул" окуясына түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анда мекеме 600 миңдей жаранга таандык делген маалыматтар талданып чыкканын, алар "2020-жылы Мамлекеттик салык кызматынын сервисинен чыгып кеткен маалыматтарга окшош” экенин билдирген. Соңку учурда мамлекеттик тутумдардан жеке маалыматтар чыгып кеткен учур катталбаганын тактаган.

Агенттик жарандарды жеке маалыматтарды сактоого жана аларды иштетүүгө байланышкан тобокелдиктерди эске алууга жана ал коопсуздукту сактоого чакырган.

Быйыл майдын этегинде өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялаган.

Хакердик топ мунун себебин 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөткөн окуяга "каршылык катары жасалган иш" деп түшүндүргөн.

“Азаттык” 4-июнда иликтөө жарыялап, хакердик топтун анонимдүү автору кыргызстандыктардын жеке маалыматы “Жогорку Соттун сайтынан алынганын, gov.kg сайттарынын баарынын коопсуздугу чабал экенин” билдирген. Жогорку Сот муну четке кагып, мекеменин серверинде жарандардын жеке маалыматы сакталбай турганын тактады.

Team Insane Pakistan тобу жарыялаган тизмедеги адамдардын аты-жөнү Кыргызстанда учурда жана мурда мамлекеттик кызматты аркалаган аттуу-баштуу адамдардын ысымдарына дал келген ондогон мисал бар. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын үч орун басары Адылбек Касымалиевдин, Камчыбек Ташиевдин жана Эдил Байсаловдун, салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана бир катар мурдагы саясатчылардын аты-жөнүнө дал келген ысымдарды көрүүгө болот.

Маселе Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында да көтөрүлүп, депутат Балбак Түлөбаев хакердик чабуул боюнча өкмөт чара көрүшү керектигин сунуштаган.

XS
SM
MD
LG