Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

“Шоро” компаниясынын азыктары эл аралык көргөзмөнүн жеңүүчүсү болду


"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев. (1951.14.01 – 2015.16.05)
"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев. (1951.14.01 – 2015.16.05)

Кыргызстандын "Шоро" компаниясынын “Максым” жана “Чалап” улуттук суусундуктары Минск шаарында өтүп жаткан “Белагро-2024” эл аралык көргөзмөсүндө “Эң даамдуу” сынагында жеңүүчү деп табылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды:

"Биздин улуттук суусундуктарыбыз көргөзмөгө келген меймандардын чоң кызыгуусун жаратты. Эл даамдап, баа бергенде кыргызстандык өндүрүүчүлөр көпчүлүк добуш менен биринчиликти ээлеп, жеңишке жетишти".


"Шоро" компаниясы - Кыргызстандын тамак-аш өндүрүшүндөгү ири ишканалардын бири жана кыргыздын улуттук суусундуктарын жана минералдык сууларды өндүрүүчү лидер ишкана. Компаниянын түптөлгөнүнө 30 жылга чукулдап калды.

Компанияга "Супара" жана "Супара - Чуңкурчак" этнокомплекстери да таандык.

"Шоро" компаниясын жана этнографиялык багыттагы “Супара” комплекстерин коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, демөөрчү жана публицист Табылды Эгембердиев негиздеген. Ал 2015-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG