Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Байден аскердик жардамды кечиктиргени үчүн Зеленскийден кечирим сурады


Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жана Украинанын лидери Владимир Зеленский. Париж. 7-июнь, 2024-жыл.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жана Украинанын лидери Владимир Зеленский. Париж. 7-июнь, 2024-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинанын лидери Владимир Зеленскийден Киевге берилчү жардам тууралуу чечимди Конгресс кечиктирип кабыл алганы үчүн кечирим сурады.

"Айрым консервативдүү мүчөлөрүбүз аны кабыл алууга тоскоолдук жарата бергени үчүн маселелер болду, бирок биз көздөгөнүбүзгө жеттик", - деди Байден 7-майда Парижде украин президенти Зеленский менен жеке жолукканда. Эки лидер тең Францияга Экинчи дүйнөлүк согуш маалында союздаш аскерлер Нормандияга жайгашкан окуянын 80 жылдыгын белгилөө иш-чарасына барышты.

Байден ошондой эле Украинага дагы 225 млн доллар жаңы аскердик жардам бөлөрүн жарыялады.

Пентагондун маалыматына караганда, Орусияга Украинага кол салганы Вашингтон Киевге жалпы 51 миллиард долларлык жардам көрсөттү. 2023-жылдын соңунда, 2024-жылдын башында Конгресстеги пикир келишпестиктерден улам жаңы аскердик жардам бир нече айга кеч жактырылды.

Жолугушуунун алдында Зеленский француз парламентинде сүйлөп, Орусиянын агрессиясы Европадагы тынчтыкты бузганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG