Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты


Башкы прокуратура
Башкы прокуратура

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен башкы прокурордун биринчи орун басары Улукбек Султанов кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен башкы прокурордун биринчи орун басарлыгына Баймурза Маатов дайындалды.

Президент Жапаров баш прокурордун орун басарлыгына Малик Бектургановду дайындоо тууралуу да буйрукка кол койгонун президенттик администрация 8-июнда кабарлады.

5-июнь күнү мамлекет башчы өз буйругу менен Максат Асаналиевди башкы прокурор кылып дайындаган. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоп, башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырган. (ZKo)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG