Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Кошумча нарк салыгы: дары баасы кымбаттайбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз өкмөтү дары-дармекке 12% кошумча нарк салыгын киргизүүнү демилге кылууда. Фармацевтика бирлиги мындан улам баа кымбаттап, аткезчилик күчөшү мүмкүн экенин эскертип жатат.

Кошумча нарк салыгы тууралуу майдын этегинде Экономика министрлиги маалымдаган. Бишкекте токтомдун долбоору талкууланган жыйында мекеменин Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Исабеков бул кадам калктын аялуу катмарына медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү үчүн керек экенин билдирген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-июндагы брифингде бул демилгени колдой турганын айтты:

“Бардык өлкөлөрдө дары-дармектерге кошумча нарк салыгы бар. Бизде жок. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги Министрлер кабинетинин саясатын колдойт. Бул фармацевтикалык компаниялардын жана жеке дарыканалардын чөнтөгүнө зыян. Анткени мамлекет өндүрүүчүлөрдөн сатып алат. “Кыргызфармация” жана “Эл Аман” мамлекеттик дарыкана тармагы кошумча нарк салыгын киргизүүнү колдойт. Экономикабыз өсүп, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлмөк”.

Бирок Фармацевтика бирлигинин төрагасы Эрнис Беков мындай чечимди колдобой турганын айтып, анын себебин "Азаттыкка" минтип түшүндүрдү:

"Дарылар бери дегенде 12% кымбаттайт. Бул баарына түшүнүктүү. Маселе Жогорку Кеңеште да талкууланбайт. Министрлер кабинетинин төрагасынын токтом чыгарганы эле жетиштүү экен. Демилге Салык кызматына таандык деп жатышат. Ушул жол менен бюджетти толтурууга кошумча каражат издеп жатышат деп ойлойм".

Бековдун айтымында, Кыргызстанда азыр эң зарыл дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга кошумча нарк салыгы салынбайт. Алар бажы кодунда "30-тайпа" деп белгиленет. Бул тайпада витаминдер, антибиотиктер, гормоналдык дарылар, рентген, катетер өңдүү жабдуулар бар.

Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялар элди арзан дары менен камсыз кылат деген шарт менен 2003-жылы бардык бажы төлөмдөрдөн жана кошумча нарк салыгынан бошотулган. 2013-жылы айрымдарына төлөмдөр кайра киргизилген.

Дары-дармекке кошумча нарк салыгы Европа мамлекеттеринде 5тен 20% чейин жетет. Кошуна Өзбекстанда быйыл 1-апрелден 12% деп белгиленген. Казакстанда айрым дарыларды кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеси көтөрүлүп келет.

Кыргыз бийлиги дары-дармек саясаты боюнча качан чечим кабыл алары азырынча белгисиз. Мамлекеттик салык кызматынын Кыйыр салыктар башкармалыгынын жетекчиси Чынара Мамырбаева азыркы демилге тууралуу мындай пикир билдирди:

"Бул жерде максат мындай: бардык импортерлор кошумча нарк салыгын төгүшү керек. Андан бюджетке каражат чогулат. Топтолгон акчаны мамлекет саламаттык сактоо тармагына жумшайт. Мисалы, гемодиализ алгандардын, кант диабети, онкология оорулары менен жабыркагандардын муктаждыктарын убагында чечкенге колдонулат. Кошумча нарк салыгын киргизүү жаңылык эмес. Болгону мурда берилген жеңилдиктер алып салынууда".

Дары сатуу Кыргызстанда кирешелүү бизнес катары сыпатталат. Өлкөгө дарылардын 97% чет өлкөдөн импорттолот. Саламаттык сактоо министрлиги көбү Орусия, Кытай, Индия, Өзбекстандан алынарын маалымдаган. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр 180 аталыштагы дарыларды чыгарат.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган. Расмий эсепте Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

2023-жылы мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими кабыл алынып, "Кыргызфармация" ишканасы түзүлүп, бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл май айында өлкө боюнча ачылган “Эл Аман” деп аталган мамлекеттик дарыканалардын саны 90го жакындаганы расмий кабарланган.

Март айынан тарта айрым аймактардагы ооруканаларда дары-дармектин камы түгөнүп баратканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Расмийлер муну четке каккан. Дары жетишсиз болуп жатканы тууралуу парламентте да сөз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG