Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

АКШда эмчек рагын жаңыча дарылоону сунуштаган Сания


Кыргызстандык Сания Щинар.
Кыргызстандык Сания Щинар.

Кыргызстандык Сания Щинар Америкадагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот.

32 жаштагы Сания ушул багытта диссертация жактап, илимдин магистри даражасына ээ болду. Жакында ал АКШдагы фармакологиялык компанияга жумушка кирди. Сания Чүйдүн дунган тектүүлөр байырлаган Милянфан айылында туулуп-өскөн. Бала чагынан эле дарыгер болууну самачу экен.

- Сания алгач кепти өзүңүздөн баштасак. Медицинага кантип келип калгансыз, кимдер таасир эткен?

- Чүй облусунун Милянфан айылында туулгам. Ушул айылдагы жалгыз мектепте окугам. Бала кезимде бир нерсеге кызыгуум күч эле. Ата-энеме, мугалимдерге көп суроо берчүмүн.

Союз кыйрагандан кийин атам ишкерлик менен алектенди. Апам - кесиби боюнча экономист. Көп балалуу үйдүн үчүнчү кызымын. Эки эжем, бир сиңдим жана иним бар. Химия менен биологияны жакшы окуганымдын пайдасы тийип, 2008-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын фармакология факультетине өтүп кеттим.

Бул мен үчүн зор кубаныч, сыймык болгон. Улуу эжем мектепти аяктаганда медик болгусу келген. Бирок ата-энем биз кичине болгондуктан ага педагог болууну сунушташкан. Анан калса ал кезде кыздарга оор, кымбат деп Медакадемияда окугандан коркушчу. Улуу эжем менен сиңдим англис тилинен сабак беришет. Экинчи эжем - география мугалими. Мен өзүм бала кезимен эле адамдарды куткарып, жардам бергим келчү. Башында стоматология факультетине окугум келген. ЖРТга даярдануу үчүн Кант шаарына барып, химия менен биологиядан даярданып жүрдүм. Атам "ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болсо гана Медакадемияда окуйсуң" деген. Мен болсо өзүм самагандай стоматологияда эмес, фармакологияда окуп калдым. 2013-жылы окууну аяктап, дары-дармек рыногунда иштей баштадым.

2018-жылы дары каражаттарын каттоодон өткөрүү жана фармкөзөмөл боюнча компания негиздегем. Бир эле Кыргызстанда эмес, КМШнын башка өлкөлөрүндө да иштеп жүрдүк. 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан кийин саламаттык сактоо тармагына салым кошкум келди. Өзүмдү өнүктүрүү үчүн магистратурага тапшыруу максатында чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларды изилдей баштадым.

АКШдагы үч университетке документ тапшырсам, Түштүк Дакотадагы South Dakota State University кабыл алды. Бул жерде көп изилдөөлөр жүрүп турганы өзүмө да жакты. 2022-жылдын июль айынан тарта Pharmaceutical Sciences факультетинде окуй баштадым.

- Эмнеге рак оорусун изилдөөнү тандап алдыңыз?

- Биздин уруудагы жалгыз фармаколог болгондуктан туугандарым кайсы бир дарыны таба албай кыйналганын көрүп жүрдүм. Догдур жазып берген дары өлкөдө жок же саналуу гана өлчөмдө алып келинет. Мага кайрылган туугандарыма тааныштар, фармкомпаниялар аркылуу Казакстандан болсо да дары таап берип жүрдүм. Бирок канча аракет кылсам да, жакындарым оорунун айынан катары менен каза табышты. Аталаш эжем эмчек рагынан жаш эле кетип калды. Аны жоготуп алганда жер көчүп кеткендей болду. Ошондон тарта дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрүп, адамдын өмүрү ушунчалык морт экенин сезгем. Кийин бул жакка келгенде эмчек рагын изилдөө керек же ветеринарияны окуйм деген тандоо пайда болгондо, дароо биринчисин тандап алдым. Анткени, көптөгөн аялдар бул дарттан жапа чегип жүргөнүн билем, көбү жашоо менен эрте эле кош айтышууда. Кыргызстанда жана дүйнөдө эмчек рагынын көйгөйү өтө курч. Ошол себептүү бул жаатта изилдөө жүргүзгүм келди.

- Окуудан кыйналган жоксузбу?

- Башында оор болду, жалаң англисче сүйлөш керек. Көп терминдерди орусча окугандыктан, тилден кыйналдым. I семестрден кийин окуу жеңил болуп калды. Бул жерде бардык курстарда акыркы технологияларды жана индустриядагы жаңычылдыктарды үйрөтөт. Студенттерге негизги талап - илимий материал даярдоо. Бул изилдөө актуалдуу жана илимге салым кошо тургандай болушу керек.

- Сиздин изилдөөңүздүн өзгөчөлүгү эмнеде?

- Негизги идеябыз эмчек рагын нанотехнологиянын жардамы менен дарылоо. Ошол микро ийнелерди теринин астына киргизгенде, дары диффузия аркылуу рак клеткаларына жетет. Эмнеге бул изилдөөдө адамдын органын колдонгубуз келди? Адатта кайсы изилдөө болбосун адегенде лабораторияда жүрөт. Ал ийгиликтүү ишке ашса, жаныбарларга тест жасалат, андан өтсө гана клиникалык изилдөөгө алынат. Башында эгер биз жаңы, инновациялык технологияны жасасак, ал чын эле рак клеткаларын табабы деп күмөн санадык. Адатта залалдуу шишиктин клеткалары май катмарынын астында болот да. Кайсы жаныбарды тестирлөөдөн өткөрсөк жыйынтык болот деп көпкө ойлондук. Мындай изилдөөгө көбүнчө мышык, чычкан, кээде коёндорду пайдаланышат. Тилекке каршы, дене мүчөсү адамдыкына окшош бир дагы жаныбар таппадык. Ошондо эмнеге адамдын өзүнүн эле органын колдонсок болбойт деген ой келди.

Менин бактыма ишимди көзөмөлдөгөн профессорум жакшы адам болуп чыкты. Кафедранын жетекчиси, ишине өтө так, перфекционист. Ал башында “бул баштаган ишиң сөзсүз аягына чыгат деп ойлобо” деген. Көп изилдөөлөр ошентип аягына чыкпай калат же узак убакытта барып жыйынтык берет экен. Бизге бул экспериментти талапка ылайык келтирүү үчүн алты ай кетти. Акырында жергиликтүү донор уюмга кайрылдык. Кээ бир бейтаптар ичер суусу түгөнөрүн билгенде өз органдарын муктаждарга же илимий изилдөөлөргө берүүгө макул болушат экен. Биз кайрылган уюм ушундай бейтаптар менен иштегендиктен, бизге органды изилдөөгө берүүгө макул болду. Бул илимдеги инновациялык ачылыш болду десем жаңылышпайм. Окумуштуулар кеңеши жумуштун көлөмүнө, жыйынтыгына канааттанышты. Биздин учурда дары жаңы эмес, бирок аны жеткирүү жолу жаңы болуп жатпайбы. Муну рактын көп түрлөрүн дарылоо үчүн колдонсо болот.

- Мисалы?

- Мисалы, Бишкектен Ысык-Көлгө барыш керек болду дейли. Ал жакка жетүүнүн ар кандай жолу бар: же учакка түшөсүз, же автобус менен барасыз да. Ракка каршы дарылар көп. Биздин изилдөөдө кандай дары болбосун залалдуу шишикке түз жетиши шарт. Бул изилдөөнү дагы бир-эки киши иштеп чыгышы керек, андан кийин өнүмдү патенттеп койсок болот. Патент биздин университеттин, менин профессорумдун жана менин атында болот. Ошондон кийин аны дүйнө жүзүндөгү ар кандай фармакологиялык компаниялар колдоно алат.

- Ушул жерден суроо бергим келет, Кыргызстандын фармакология тармагын кантип өнүктүрсө болот?

- Кыргызстан тууралуу айтсам, биз импортко көз карандыбыз. Дары-дармек аз чыгат. Эч нерсе өндүрбөйбүз, тилекке каршы. Мен өз рыногубузду өнүктүрүп, дарыны өзүбүздө өндүрүү үчүн инвестор тартышыбыз керек деп ойлойм. Жарандарыбызды атамекендик дары-дармекти колдонууга чакырышыбыз керек. Коронавирус каптаган маалда чек аралар жабылып, өлкөлөр дарыны биринчи кезекте өз жарандарына жеткирип жатканда биз куржалак калдык. Дары-дармек тартыш болду. Илимий изилдөө жаатында жүргөн адам катары биздин Медициналык академия же башка окуу жай болсун болочок адистерди эски калыпка сала бербей, эркин ойлонууга үйрөтсө дегим келет. Ошондо гана алар бир нерсени жаратууга шыктанышат. Окуу жайда кайсы бир көнүмүш нерселерден күмөн санап, сынчыл ой жүгүрткөн, жакшы суроо берген студенттерге кол чабышса дейм.

Креативдүү ой жүгүрткөн адамдар канчалык көп болсо, ошончо жаңы, өзгөчө идеялар жаралат. Анан илим алга жылат, изилдөө лабораториялары пайда болот. Кыргызстанда таланттуу, билимдүү жаштар көп. Айрымдары Батышта стартаптарды баштап атышат. Ошол балдар окуу жайдан эле даяр болсо, долбоорлорду баштап, инвестиция тартышмак. Шарт түзүлсө, биздин бул жактагы лабораторияларда ишке ашырылып жаткан изилдөөнү Кыргызстанда деле жүргүзсө болот. Клиникалык базага чейин изилдөөлөрдү аутсорсинг кылган (башкаларга өткөрүп берген) фармкомпаниялар бар, анткени алардын шарттары эл аралык талаптарга жооп берет. Компания консультант табат, изилдөө анын базасында жүрөт. Бизде ушундай базалар пайда болсо, фарминдустрияны “бизде база, бизде жаныбарлар, эксперттер бар” деп тартсак болот.

- АКШга үй-бүлөңүз менен келдиңизби?

- Күйөөм, эки балам менен келгенбиз. Балдар мектепке кайра башынан барышты. Менин изилдөөм - үй-бүлөлүк долбоор. Жолдошум, жакындарым ишимди колдобосо, булардын баары болмок эмес. Албетте биз Кыргызстандан кетип, чоң тобокелдикке бардык. Бул жерден баарын нөлдөн баштоого туура келди. Ошол маалда бизге көп жакшы адамдар жардам берди. Кыйынчылыктар кайда болбосун бар. Кайсы бир деңгээлде алар бизди күчтүү кылат. Ошол сыноолордон өтүү менен комфорт зонасынан чыгып, өсөбүз.

Мекенде жүргөндө эмнегедир окшош күндөр зуулдап өтүп жаткандай сезиле баштаган. Мен ошол абалдан суурулуп чыккым келди. Ушундай чечим кабыл алганыбызга кенедей да өкүнбөйм. Бул жерден баалуу тажрыйба топтодум, өзүмө ишеним пайда болду. Жалпысынан алганда акыркы эки жыл жемиштүү болду. Ушул аралыкта үй-бүлөм менен өткөргөн убакытты баалай баштадым.

- Мекениңизге келейин деген оюңуз барбы?

- Мен эмнеге Кыргызстандан кеттим? Анткени биздин өлкөдө бул жерден топтогон тажрыйбама ээ боло албасымды түшүнгөм. Бул жерде шарт, сени окутуп, үйрөткөн адамдар бар. Фармакология жаатында Master of Science in Pharmaceutical Sciences магистр даражасына ээ болгондон кийин америкалык компаниядан жумуш таптым. Июнь айында менин изилдөөм жүргөн багыт боюнча эксперт катары ишим башталат.

Институтта үйрөнгөнүм - иштин башталышы гана. Мен ар кандай адистер кошулуп, бир команда болуп иштеген компанияда тажрыйба топтогум келет. Узак мөөнөттүү алкактан караганда, албетте, Кыргызстан - менин үйүм. Кайсы бир убакта үйгө кайткым келет. Ошол себептүү бул жакка келгенде өзүмдүн максаттарым бар болчу. Үй-бүлөм менен келгенден кийин балдарым жакшы билим алсын, тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейсин, эркиндикке жетишип, баалуу тажрыйба топтосун дедим.

Менимче, биздин жарандар четте ийгиликке жеткен сайын Мекенибиз сыймыктанат. Кандай болгон күндө да өлкөмдүн аты чыгып жатпайбы. Өз өлкөмдүн медицинасына, илимине салым кошуу мен үчүн сыймык. Жаштарга айтарым, англис тилин үйрөнүү керек. Тилди билүү ушундай чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Сиз Кыргызстан - кичинекей өлкө, бизди чоң дүйнөдө ким күтмөк эле деп ойлобоңуз. Сиз деле АКШда каалаган университеттен окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG