Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Аба ырайы: Чолпон-Атада күн ачык болот


9-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда карга айланат.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 34…36 градус ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG