Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты


“Дордой Моторс” базарынын ЭТТК менен ЭЭФке каршы акцияга чыккан соодагерлери. 10-июнь, 2024-жыл.
“Дордой Моторс” базарынын ЭТТК менен ЭЭФке каршы акцияга чыккан соодагерлери. 10-июнь, 2024-жыл.

10-июнда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин, бирок ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү үчүн бухгалтер алып ага айлык төлөп бериш керектигин, ал кошумча чыгым экенин айтышууда.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчы салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айткан.

Жыйында электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганы белгилүү болгон.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG