Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Экономика министрлиги соодагерлер 1-январдан тартып патент менен иштей албай турганын эскертти


Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги соода ишмердиги үчүн патенттин мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин гана экенин маалымдап, бул тармакта иштегендер жаңы жылдан баштап башка ыкманы тандашы керектигин эскертти.

Мекемеден маалымдашкандай, мунун ордуна соодагерлер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, ошонун негизинде иш алып барышы керек. Аталган эки режимде бир гана салык каралган жана анда үч пайыздык чен бар.

Биринчиси - жылына жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген ишкерлер салыктан толук бошотулат (0%). Экинчиси жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейинки соодагерлер 0,5% коюм менен салык төлөшөт. Үчүнчүсү 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражаты айланткан ишкерлер болсо 1% коюм менен салык төгүүгө милдеттүү.

Министрлер кабинети бекиткен реестрге кирген чоң базарларда жана чакан базарларда соода кылган ишкерлер 0,1% чен менен бирдиктүү салык төлөшөт.

Сооданын башка түрлөрүнө карата бирдиктүү салыктар анын көлөмүнө жараша караштырылган. Күйүүчү-майлоочу майларды, дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды импорттоо, экспортоо, жеткирүү жана алып-сатуу менен алектенгендер 30 миллион сомго чейин жүгүртүүсү барлар 0,5%, 50 миллион сомго чейин жүгүртүүсү барлар 0,1% салык төлөйт.

Бул топторго кирбеген, башка ишкердик чарбалар накталай акчада сатылган товарлар үчүн 4%, накталай эмес акчага сатылган товарлар үчүн 2% бирдиктүү салык бериши керек.

Аталган режимдерди тандоо үчүн ишкерлер сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек. Ишкер бир нече түйүн иштетсе же ишкердиктин бир нече түрү менен алектенсе, анын ар бири боюнча коюлган чендер менен бирдиктүү салык төлөшү кажет.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG