Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдү 20 жылдан кесүүнү сурады


Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев эркиндикке чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев эркиндикке чыккан.

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады.

Бул маалыматты “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырастады. Прокуратура менен Бишкектин Биринчи май райондук соту комментарий бере элек. Сот жараяны жабык өтүп жаткандыктан азырынча кенен маалымат жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов. Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG