Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 11-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Долбоор эми Парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
Документке депутаттар Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков жана Сеидбек Атамбаев “каршы” добуш берди. Депутаттар Азизбек Турсунбаев, Марат Мураталиев, Алишер Козуев жана Замирбек Мамасадыков колдоду.
Чыңгыз Айдарбеков бул долбоор менен Кыргызстанда уран жана торийди иштетүүгө да уруксат берилип жатканын айтып, мындай кендерди биринчи геологиялык изилдөөгө гана уруксат берилиши керек экенин айтты.
“Кыргызалтын” ишканасынын эксперти Марс Токтоназаров Кызыл-Омпол кенинен казылып алынган руданы Кара-Балтага алып келип андан титаномагнетитти бөлүп алып, уран жана торийди чет өлкөгө экспорттоо пландалып жатканын билдирди.
Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.
Бул окуялардан кийин бийлик Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча документти сунуштаган.
Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% тория жана 0,17% уран.
2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.
Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)