Кыргызгидрометеорологиялык кызматы билдиргендей, 18-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Баткен, Ош, Жалал-абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34,
Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүндө 10...15, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14°.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 18…20, күндүз 29…31°.