Бүгүн, 22-июлда Ош мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолугуп жатат. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын айтышууда.
Ош мэри көпүрөлөрдүн баары алынарын, соодагерлер жаңы базарга 1-2 айдын ичинде көчүшү керек экенин түшүндүрүүдө.
“Бир ай болобу, бир жарым ай болобу, шарт түзүп беребиз, анан баарыбыз жакшынакай көчөбүз. Ак-Бууранын жээги баары тазаланат. Башынан аягына чейин оңдолот”, - деди мэр.
Соодагерлер жаңы базар салынуучу жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушууда. Мэрия имаратынын сыртында дагы жүздөгөн соодагерлер чогулуп турат.
Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат.
14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.
Ушундан кийин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген. Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базар башка жерге көчүрүлө турганын билдирген. (TSh/ DSh)