Донецк облусундагы Константиновка шаарына урулган соккудан каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти, 44 киши жараланды. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди.
Облусттун аскердик администрациясынын жетекчиси Вадим Филашкин сокку «аба-жер» деген ракета менен урулганын тактады. Ага чейин артиллериядан аткыланганын жазган.
"Орусия бул террор үчүн жооп берет, дүйнөнүн Украина тарапта турганы, коргонуубузду колдоосу, адамдардын өмүрүн сактап калууга жардамын улантуусу үчүн бар аракетибизди жумшайбыз", - деп жазды жетекчи Телеграм-каналына.
Украиналык Телеграм-каналдар "Экомаркет" деген чоң дүкөнгө дүрмөт тийгенин маалымдашууда. Видеолордо супермаркетти өрт чалганын, талкаланган имараттар менен машиналарды көрүүгө болот.
Украин президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак: "Константиновкадагы супермаркетке урулган сокку – орусиялыктардын кезектеги террору. Алар тынч жаткан эл менен гана согушууну билишет", - деп жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги ал чабуулду азырынча комментарийлеген жок.
Далилдерге карабай, Москва согуштун башынан бери эле жарандык жайларды бутага алганын танып келет.