НАТОнун айрым мүчөлөрү Украинанын президенти Владимир Зеленский сунуштаган “жеңиш планын” колдоду. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы 18-октябрда жазды. Өнөктөштөрдүн кээ бири Украинанын Түндүк атлантикалык уюмга эртерээк кошулушу путиндик режимге басым жасоонун “потенциалдуу куралы” боло алат дегенге макул болушкан.
Басылманын булактары НАТОнун катышуучулары ортосунда бул маселеде пикир келишпестик бар экенин белгилеген. АКШнын президенти Жо Байден 18-октябрдагы Берлин сапарында өнөктөштөрүн “багынып бербөөгө” чакырган. “Биз Украинага адилет жана бекем тынчтык орногонго чейин жардам берүүнү улантышыбыз керек”, - деген ал.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинанын тез арада НАТОго кошулушуна каршы. Ал Орусиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн ракеталарды Украинага берүүгө каршылыгын улантууда. “Биз колубуздан келишинче Украинаны колдойбуз жана НАТО согуштун катышуучусу болуп калбашын көзөмөлдөөнү улантабыз”, - деген Шольц. Анын пикринде, бул “чоң кыйроолорго” алып келиши ыктымал. Германиянын канцлери Берлинде АКШ президенти Жо Байден менен бирге өткөн пресс-конференцияда сөз сүйлөдү. Өнөктөштөр Украинага алыска атуучу курал жөнөтүү маселесинде бир пикирге келе алышкан жок.
АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Жо Байдендин Европа сапары тууралуу “Америка добушу” радиосунун орус кызматына маалымат берди. Анын айтымында, Байдендин максаты Германия канцлери, Франциянын президенти жана Улуу Британиянын премьер-министри менен “Орусиянын агрессиясына каршы Украинага жардам берүүнү улантуу жана Жакынкы Чыгыштагы чукул өзгөрүп жаткан абалга байланыштуу айрым маселелерди жабык эшик артында талкуулоо” болгон.
Батыштагы союздаштарды Украинаны НАТОго кабыл алууга ынандыруу, алдыдагы кыш мезгилинде согуш талаасындагыларга жана талкаланып келаткан шаар-кыштактагыларга аскердик жардамды күчөтүү аракетин көрүп жаткан Зеленскийдин айтымында, бул план согуштун жүрүшүн украин тараптын пайдасына бурат.
- Зеленский беш пункттан турган «жеңиш планын» өлкө парламенти Жогорку Радага 16-октябрда айтып берген. Ал өнөктөштөрдү “алыска атуучу куралды Украинанын Орусия басып алган бардык аймактарында жана Орусиянын өзүндө, анын аскердик инфраструктурасында колдонууга каршы чектөөнү алып салууга” жана “запастагы бригадаларды жабдууга жардам берүүгө” чакырган.
- Орусия Украинага кол салбаганын, атайын аскердик операция гана жүргүзүп жатканын айтууда.