Испанияда селден набыт болгондор 200дөн ашты
Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 200дөн ашты. Жергиликтүү тургундар убагында чара көрүп, эскертүү бербегени үчүн бийликти күнөөлөсө, өкмөт мунун себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрүүдө. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду сот 70 миң сом айыпка жыкты. Ал алты айча абакта жатып, кийин үй камагына чыккан эле. Министрлер кабинети 12 жылдык окуу боюнча концепцияны бекитти. Балдар мектепке 6 жаштан барат, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 01, 2026Азиада - 2026: Жоламан Шаршенбеков чемпион болду
-
Сентябрь 30, 2026Орусиялык байлар кымбат машинелерди Кыргызстан аркылуу алдырабы?
-
Сентябрь 29, 2026Шаирбек Ташиевдин иши: Мамлекет тарткан зыян кайра эсептелет
-
Сентябрь 28, 2026Каспийдеги кырсык: Казак армиясындагы көйгөйлөр
-
Сентябрь 25, 2026Нью-Йорк: Газаны колдогон, Израил премьерине каршы жүрүш
-
Сентябрь 24, 2026Каспийде ондой аскер каза болду, Казакстанда аза күтүү жарыяланды