Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 23, 2026Сот башталды: “Эдунун” иши эмне менен бүтөт?
-
Ноябрь 23, 2026Киев Ливиядагы орус кемесин чөктүрдү
-
Ноябрь 23, 2026"Уулумдун кайгысынан инсульт алдым"
-
Ноябрь 21, 2026"Талибдер көрүп калат деп корком"
-
Ноябрь 21, 2026Элет көйгөйү эмнеге жеринде чечилбейт?
Шерине