2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт
Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнө турганын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 20-декабрда Элдик курултайда билдирди.
“Бизде билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министрлик бир эле учурда мектепке чейинки билимди, мектепти, лицейлерди, кесиптик, жогорку окуу жайларды, илим изилдөө институттарын, Илимдер академиясы өндүү 8-9 багытты алып барат. Буга эки баштуу министрликти койсок дагы алып кете албай жатат. Мен министрликти бөлүш керек деп, парламенттин триубунасынан да бир-эки жолу айттым. Мектеке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат”, - деди Нурланбек Шакиев.
Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыкталганын 20-декабрда Элдик курултайда да айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн расмий кайрылуусунда билдирди.
"Биз бүгүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта алабыз. Коңшубуз – Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды. Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана бардык тараптан сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бекем берилгендиктин аркасында гана ийгиликтерге жетишилди", - деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар, республиканын эл аралык кызматташтыктарын жаңы деңгээлге көтөрөт. Мындан тышкары, чек ара аймактарындагы жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртууга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүлөт.
"Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуунун аянтчасы болуп калды," – деп кошумчалады мамлекет башчы.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат
Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирди. Бул тууралуу ал 20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда айтты.
“Биз бул долбоорго киришкенде ага ишенбегендер “бул жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болгон. Азыр ал ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар”, - деди президент.
“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев октябрда башталарын айтса, Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаров ноябрдын аягында курулушка старт берилерин кабарлаган.
Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлдү. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.
Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.
Президент балдарга, аялдарга жасалган зордук-зомбулукту сынга алды
Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.
Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалады.
“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деди президент.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
17-декабрда эле Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал 33 жаштагы жубайын бычак менен 20дан ашык жолу сайган.
Шерине