Чек арачынын жесиринин үй маселеси чечилеби?
2022-жылдагы чек ара жаңжалында окко учкан чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиеваны УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев кабыл алды. Буга чейин Лайлиева жаш балдары менен көчөдө калганын айтып, мамлекеттен турак-жай талап акция өткөргөн. Чек ара кызматы Ниязовдун жакындарына үй берилгенин айтып, аскердин жесиринин дооматын негизсиз деп атаган эле.
Чыгарылыштар
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу
-
Июль 20, 2026АИ-95 бензиндин литри 100 сомдон ашты
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти
Шерине