Ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иш козголду
Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Тилкенин түндүгү менен түштүгүн туташтырган жол согуш башталгандан бери жабык турган. Ырчы Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере элек. Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам бүгүн күчүнө кирди. Айыпка жыгылган жаранга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып салынат.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 30, 2026Санкция санаасы: Кыргыз өкмөтү ондогон ишкананы жапты
-
Октябрь 29, 2026Испания: Кырсыктаган поездде 70тей киши набыт болду
-
Октябрь 28, 2026Сот Перизат Суранованын кенемте боюнча арызын карай баштады
-
Октябрь 27, 2026Прокурор Коңкубаева: Аскат Жетиген расмий кайрылсын
-
Октябрь 23, 2026Баткенден жөө чыккан Жолдубаева Жапаровго жолугат
Шерине