Кечки радио эфир | 23.02.2025 | Израил 602 палестинди бошотууну башка убакытка калтырды
Израил палестиндерди абактан бошотуу боюнча кезектеги жараянды азырынча токтото турмай болгонун билдирди. 22-февралда ХАМАС радикал тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) барымтада кармап турган алты израилдикти бошоткону үчүн Израил өз абактарынан 602 палестинди чыгармак. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүндө "барымтадагы кийинки жарандар коё берилери, аларды бошотуп жатканда кемсинтүүчү мамиле жасалбай турганы" жөнүндө кепилдик берилмейинче абактагы 602 палестин бошотулбасы айтылды.
Чыгарылыштар
-
Апрель 28, 2026Бишкекке Ирандын генералы келди | Жаңылыктар | 28.04.2026
-
Апрель 24, 2026Жапаров Москвага эмнеге барды? | Жаңылыктар | 24.04.2026
Шерине