16-майда Стамбулда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы өттү. Маалымат каражаттары украиналык жана түркиялык дипломатиялык булактарга шилтеме кылып, сүйлөшүү дээрлик эки саатка жакын созулганын жазышты.
Жолугушуудан кийин эки тарап жарыялаган маалыматка караганда, Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашууну макулдашты.
"Биз ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөштүк. Эки тараптан тең 1000ден туткунду алмашуу маселеси да чечилди. Бул жолугушуунун жыйынтыгы ушундай", - деди украин коргоо министри Рустем Умеров.
Умеров ошондой эле украин жана орус лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз болгонун жана сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жөнүндө жакынкы күндөрү жарыяланарын айтты.
Бул маалыматты Орусиянын делегациясын жетектеген Владимир Мединский да ырастады. Анын айтымында, эки тарап тең ок атышууну толугу менен токтотууну кантип ишке ашыруу тууралуу өз сунушун бериши керек.
16-майда Стамбулдагы түрк президентинин Долмабахче резиденциясында Украина, Түркия жана АКШнын расмий өкүлдөрү жолукту.
Вашингтондун делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио баштап жүрөт. Анын курамында Украина боюнча атайын чабарман Кит Келлог бар. Түрк тышкы иштер министри Хакан Фидандын төрагалыгындагы сүйлөшүүлөргө Киевден президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига жана коргоо министри Рустем Умеров катышты.
Андан кийин Украина, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү өзүнчө жолукту. (AiA)
Шерине