Жаңылыктар | 09.10.2025 | Орусия мунай заводуна, Украина портко дрондон сокку урулганын билдиришти
Орусиянын аскердик күчтөрү 9-октябрга караган түнү Украинанын аймактарын дрон менен аткылоону улантып, Одесса облусунун Черноморск шаарына сокку урду. Маалыматка караганда, порт жана энергетикалык инфраструктура жабыркаган, согуш башталганга чейин 57 миң тургуну бар шаар электр жарыгысыз калган. Аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аба чабуулунун кесепетинен, баштапык маалымат боюнча, беш киши жабыркаган. Черноморск шаарынын башчысы энергетикалык объектилерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Украин армиясы 9-октябрдын таңында билдиргендей, өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына жалпы 112 дрон учурган. Алардын 22си бутага тийгени кабарланды. Ал эми Орусия тараптан Волгоград облусунун Котово шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго украиналык дрондор менен сокку урулганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик “күйүүчү май-энергетикалык комплекстин аймагында өрт тутанганын” билдирген.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 23, 2026БУУда Садыр Жапаров санкция саясатын сындады | Жаңылыктар | 23.09.2026
-
Сентябрь 22, 2026Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026
-
Сентябрь 21, 2026Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | Жаңылыктар | 21.09.2026
-
Сентябрь 17, 2026Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | Жаңылыктар | 17.09.2026
Шерине