Жаңылыктар | 05.10.2025 | Кыргызстан Ооганстанга 160 тонна гумжардам жеткирди
Табигый кырсыкта жапа чеккендер үчүн Кыргызстандын атынан Ооганстанга гумжардам жөнөтүлдү. Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 млн сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылган. 25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда жолго чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Андан ары делегацияны Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, коштоп барган.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 06, 2026Президенттикке талапкерлердин карааны | Жаңылыктар | 06.11.2026
-
Ноябрь 04, 2026Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? | Жаңылыктар | 04.11.2026
Шерине