Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Еврошаркет Орусиянын камактагы активинен Украинага насыя бөлүү маселесин карайт


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Евробиримдиктин лидерлери 18-декабрда Украинага кийинки эки жыл ичинде ири көлөмдөгү насыя берүү маселесин макулдашуу үчүн чогулуп жатышат.

Лидерлер ошондой эле миграция, шаркеттин кеңейүү саясаты, соода жана экономика маселелерин талкуулашат.

Эл аралык валюта фондунун эсебинде согуштан катуу жабыркаган Украинага жалпысынан 137 миллиард евро (160 миллиард доллар) зарыл. Мындан улам бул каражатты кайдан табуу керек деген маселе күн тартибинде турат.

"Бул өтө курч маселе. Баарыбыз сезип турабыз, баарыбыз көрүп турабыз", — деди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен саммиттин алдында Евробиримдиктин мыйзам чыгаруучуларына кайрылып жатып.

Брюсселдеги жыйынга төрагалык кылган Еврокеңештин президенти Антониу Кушта лидерлер макулдашууга жеткенче, керек болсо бир нече күнгө созулса да, сүйлөшүүлөрдү уланта берүүгө убада кылды.

Бир катар лидерлер Европада камакка алынган орусиялык активдердин ондогон миллиард евросун Украинанын экономикалык жана аскердик муктаждыктарына пайдаланууну сунуштап жатышат. Мындай чечим буга чейин эч качан кабыл алынган эмес жана анын олуттуу тобокелчиликтери бар.

Европа Борбордук банкы эгер европалыктар башка өлкөлөрдүн каражаттарын тартып алууга даяр деген таасир калтырса, бул еврого болгон ишенимди солгундатарын эскерткен. Айрым мүчө мамлекеттер Орусия буга жооп кайтарат деп кооптонуп турушат.

Камактагы активдердин негизги бөлүгү Белгияда сакталган. Расмий Брюссель мындай кадамга каршы көз карашта.

Өткөн аптада Орусиянын Борбордук банкы Белгиядагы Euroclear каржы компаниясын Москва сотуна берип, саммиттин алдында Белгияга жана анын европалык өнөктөштөрүнө басымды күчөттү.

Венгрия менен Словакия Урсула фон дер Ляйен сунуштаган планга каршы. Бул планга ылайык, Орусия согушту токтотуп, келтирилген зыяндын ордун толтургуча Украинага 90 миллиард евро (105 миллиард доллар) карыз берип туруу керек. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, дээрлик төрт жыл ичинде 600 миллиард евродон (700 миллиард доллардан) ашуун зыян келтирилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG