Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

Өкмөт Кыргызстанда АЭС куруу маселеси талкууланып жатканын маалымдады


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" каналына курган маегинде энергетикалык абалдан улам атомдук электр станциясын куруу маселеси өлкө жетекчилиги менен талкууланып жатканын, бирок буга акырындап келүү керек экенин белгилеген.

"Мен жакын арада Москвага барып, Өзбекстан жана Казакстандан барган кесиптештерим менен сүйлөшүп калдым. Алар атомдук электр станцияларын куруу боюнча маселени колдоп, курулушту башташты. Чынын айтканда, менин да баштапкы оюм боюнча кабатырлануу болгон. Бирок коңшуларыбыздын бул боюнча чечимдерин көрүп атабыз. Андан тышкары Росатомдун көргөзмөсүн көрдүк. Азыркы технология 100% коопсуз. Орусиянын технологиясы мыкты, алар калдыксыз өндүрүшкө келишти, аларда уран иштетилип, кайра колдонула берет. Биз буга келишибиз керек. Анткени анын иши суу, күн нурунан көз карандысыз болуп, электр менен үзгүлтүксүз камсыздап тура алат. Бул суроо албетте эл менен талкуулангандан кийин чечилет. Ал үчүн атомдук электр станциясы деген эмне, кандай иштейт, анын келечеги кандай деген суроолорго жакшы жооп беришибиз керек", - деди Адылбек Касымалиев.

Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн быйыл 10 чакан ГЭСти ишке киргизген. Ал өлкөнүн гидро потенциалынын 10% гана колдонулуп жатканын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу тууралуу меморандумуна кол коюлган. (KS)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG