Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Бишкектеги ыш: Индекс 700дөн ашып, өтө кооптуу чекке жетти


 World Air Quality уюмунун сайтынан алынган скриншот. 23-декабрь, кечки саат 22.00дө Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдыктар индексти (AQI) 709 деп көрсөттү.
World Air Quality уюмунун сайтынан алынган скриншот. 23-декабрь, кечки саат 22.00дө Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдыктар индексти (AQI) 709 деп көрсөттү.

Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң кир шаарлардын сап башына чыкты. 23-декабрь, кечки саат 22.00дөгү маалымат боюнча Бишкек Индиянын Дели калаасынан кийинки орунду ээледи.

Абанын сапатын көрсөткөн жабдуулар Бишкектин ар кайсы районунда ар түрдүү көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдыктар азыр индексти (AQI) 709 деп көрсөтүүдө. Калаанын борборундагы башка бөлүктөрүндө индекс 225-250дөн ашып турат.

Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.

Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга "адам өмүрү үчүн абдан коркунучтуу" деген баа берилген. Уюм мындай кооптуу абаны элдин баары сезерин белгилеп, айрыкча балдар, кары-картаңдар, кош бойлуулар, жүрөк жана өпкө оорусунан жабыркагандар, аялуу катмарга сыртка чыкпай үйдө калууну сунуштады. Шаардын бардык жашоочуларына мындай шартта сыртта ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоодон алыс болууга, зыяндуу бөлүкчөлөрдөн коргонуучу беткап тагууга жана зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоого чакырууда.

Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат. Бишкекте азыр ыш, түтүн үйдүн ичинен да сезилип жатат. Сырттагы ыш, түтүн үйлөрдүн, имараттардын ичин каптап, тамак, көкүрөктөрү ачышып, аллергиялык жана башка оорулар козголуп жатканын айткандар да бар.
Башкалаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт.

Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөт, видеолор интернетте канча жылдан бери тынымсыз жарыяланып келет.

Мурда Бишкекте World Air Quality уюму аркылуу алынып, абанын сапатын көрсөтүп турган жабдыктар көп болчу. Алардын көбү маалыматты туура эмес көрсөтөт деген негизде алынган, азыр саналуу гана жабдуулар бар. Негизинен алар шаардын борбор тарабында жайгашкан.

Мындан улам тегерек-четте жана жаңы конуштардагы абанын сапаты кандай экенин билүү мүмкүн эмес. Буга чейинки жылдарда негизинен жер тамдар жайгашкан конуштарда индекс 900гө чейин жеткен учурлар болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG