Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:08

Жогорку Кеңеш 2026-жылдын бюджетин бекитти


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаттары 2026-жылга бюджетти үч окууда бекитти. Парламент жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди. Касымалиев кийинки жылдын консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырылып жатканын билдирди. Бириктирилген бюджеттин кирешеси 551,2 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 550,8 миллиард сомду болот деп бекитилди.

Бюджеттин 460,8 миллиард сому салыктык кирешелерден түшөт, анын ичинен Салык кызматына 318,2 миллиард сом, Бажы кызматына 142,6 миллиард сом чогултуу планы коюлду.

Өкмөт өлкө бюджети социалдык багыттан өнүгүү багытына өтүп жатканын айтып, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө бардык шарттар бар экенине ишендирүүдө.

Парламентте сөз сүйлөгөн айрым экономиканын өнүгүүсү катардагы жарандар сезиши үчүн кымбатчылык менен күрөшүү, жөлөкпул төлөө системасын кайра карап чыгуу керектигин белгилешти.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG