Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолун оңдоого жооптуу ишкананын жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз жол курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу мөөнөтүнүн жана ченемдеринин одоно бузулушуна байланыштуу кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин 27-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде аталган ишкана жолдун үч тилкеси боюнча алган милдеттенмелерин кандай аткарып жатканы текшерилди.

Козголгон кылмыш иши алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында келишимдин шарттары, курулуштун мөөнөтү жана техникалык нормалары аткарылбаганы, ошонун айынан республикалык маанидеги бул жолдун курулушу өз убагында бүткөрүлбөй калганы аныкталган.

Андан мурдараак УКМК Ташиевдин Ысык-Көлгө иш сапары тууралуу маалымат жарыялаган:

"УКМК төрагасы Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолун куруу иштерин колго алган «Кыргыз жол курулуш» ЖЧКсы 5 жыл аралыгында берилген жолдун мерчемделген бөлүгүн белгиленген убакта бүткөрбөгөндүгү үчүн негиздөөчүсү Мирлан Исагалиевди камакка алуу тапшырмасын берди. Ошондой эле бир катар жетекчилерге жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө жол куруу иштерин этап-этабы менен бүткөрүү мөөнөттөрү коюлуп, тапшырмалар берилди. Жалпысынан 2026-жылдын 31-августуна чейин Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолунун 141 чакырымын толук бүткөрүү милдети жүктөлүп, бүгүнкү күндөн аткарууга алынды".

Кармалган шектүүнүн жакындары же адвокаты атайын кызмат жарыялаган маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG