Украинанын президенти Владимир Зеленский 2026-жылга карата жаңы жылдык куттуктоосун социалдык медиага жарыялады. Ал украиналыктардын, айрыкча аскер кызматкерлеринин туруктуулугун жана күнүмдүк ишин жогору баалады.
"Биз тынчтыкка ишенебиз, ал үчүн күрөшөбүз жана ал үчүн иштейбиз", - деп жазды Зеленский.
2026-жылы февралда Украинадагы толук масштабдуу согушка беш жыл болот. Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын февраль айында коңшу өлкөгө негизсиз басып кирүү тууралуу буйрукка кол коюп, муну "атайын аскердик операция" деп атаган.
Путиндин бул ирет жаңы жылдык куттуктоосунун басымдуу бөлүгү "атайын аскердик операциянын" катышуучуларына — Украинадагы согушка арналган. Путин аларды "чындык жана адилеттүүлүк" үчүн күрөшкөн баатырлар деп атап, орус жарандарын аларды "сөз менен да, иш менен да" колдоого чакырды, "миллиондогон адамдар" бул Жаңы жыл түнү жоокерлер менен бирге экенин жана "жеңишке болгон ишенимди" жарыялаганын айтты. Куттуктоодо ал тынчтык тууралуу кеп козгогон жок.
Путин 2022-жылдын декабрынан бери жаңы жылдык куттуктоосунда армия тууралуу айтат, бул ирет бул маселеге мурдагыга караганда көбүрөөк убакыт бөлгөн.
Путин бийликке 1999-жылдын 31-декабрында, мурунку президент Борис Ельцин кызматтан кеткендекелген. Ошондон бери ал Орусияда бийлик тизгинин кармап турат.
Шерине