Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Зеленский Президенттин кеңсе башчылыгына Кирилл Будановду сунуштады


Владимир Зеленский менен Кирилл Буданов.
Владимир Зеленский менен Кирилл Буданов.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгындоо башкармалыгын жетектеп келген Кирилл Будановго Президенттик кеңсе башчысынын кызматын сунуштады.

"Азыр Украина үчүн коопсуздук маселелерине, коргонуу жана улуттук коопсуздук күчтөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле сүйлөшүүлөрдөгү дипломатиялык багытка көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Президенттик кеңсе дал ушул мамлекеттик милдеттерди аткарууга кызмат кылат. Кирилл бул багыттар боюнча атайын тажрыйбага ээ", — деп жазды Зеленский.

Көп өтпөй Буданов да президенттин сунушун кабыл алганын билдирди.

Будановдун ордуна Башкы чалгындоо башкармалыгын ким жетектери азырынча айтылган жок.

Буга чейин Президенттик кеңсени Андрей Ермак жетектеп келген. Ал 28-ноябрда коррупциялык жаңжалдан улам кызматтан кеткен.

Кирилл Буданов 1986-жылдын 4-январында Киев шаарында төрөлгөн. Ал Одессадагы Аскерлер институтун жана Евгений Березняк атындагы Аскердик-дипломатиялык академияны бүтүргөн.

2007-жылдан бери Украинанын аскердик чалгындоо кызматында иштеп келет. Алгач атайын чалгындоо бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 2014-жылдан тартып Донбасстагы согуштук аракеттерге катышып, бир нече жолу жаракат алган.

2020-жылдын 5-августунда Башкы чалгындоо башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган. Генерал-лейтенант аскердик наамына ээ, өлкөдөгү эң жаш генералдардын бири катары белгилүү. 2022-жылдын 24-февралына чейин эле Орусия кеңири масштабдагы согуш ачууга даярданып жатканын ачык эскертип келген.

Буданов атайын кызматтын жетекчиси болгонуна карабай башкалардан коомго ачыктыгы менен айырмаланып келет. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, рейтинги боюнча украиндер арасында ал президент Владимир Зеленский жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы колбашчысы, азыр Британиядагы элчи Валерий Залужныйдан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG