Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

АКШ эл аралык 66 уюмдан чыгарын жарыялады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп 7-январда эл аралык 66 уюмдан, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун 31 түзүмүнөн чыгуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ак үйдүн сайтында жарыяланган жарлыкта ал уюмдардын ишине катышуу АКШнын кызыкчылыктарына каршы келери жазылган.

Мындай чечим былтыр февралда кол коюлган жарлыктын негизинде мамлекеттик катчы жана кабинет менен кеңешүүдөн кийин кабыл алынган. Трамптын жарлыгына киргендердин арасында климаттын өзгөрүшүнө, гибриддик коркунучтарга каршы күрөш, демократия жана адам укуктары боюнча иш алып барган уюмдар да бар.

АКШ Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын алкагында ишин да токтотууну көздөп жатат.

Мындан тышкары Кошмо Штаттар БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конвенциясынан чыгат. Муну менен Америка конвенциядан чыгарын жарыялаган биринчи өлкө болуп калды. Вашингтон аялдарды дискриминациялоо, БУУнун калк фонду, Демократия фонду, Цивилизация альянсы баштаган түзүмдөр менен иштешүүдөн да баш тартууда.

Трамптын администрациясы жана алардын жактоочулары БУУнун алдында иштеген көптөгөн уюмдардын иши АКШ бийлигинин саясий позициясына жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына каршы келет деп эсептейт. Буга чейин Трамп БУУнун көптөгөн түзүмдөрүн каржылоону токтотуп, уюмдун өзүн да сындаган.

Улуттар Уюму АКШ президентинин жарлыгы тууралуу комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG