Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:54

Токаев жакын арада Дональд Трамп менен жолугары кабарланды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана АКШнын президенти Дональд Трамп. (Руслан Желдибайдын Telegram-аккаунтунан алынган сүрөт)
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана АКШнын президенти Дональд Трамп. (Руслан Желдибайдын Telegram-аккаунтунан алынган сүрөт)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жакын арада АКШ президенти Дональд Трамп менен кайрадан жолугарын билдирди. Бул тууралуу ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде АКШнын Казакстандагы жаңы элчиси Жули Стаффт айтканын казакстандык медиа каражаттары маалымдашты.

Элчи АКШ менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык көп багытта - маданияттан тарта соода-экономикалык байланыштарга чейин өнүгүп жатканын эске салган.

"Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Дональд Трамп өтө тыгыз мамиледе болуп, бат-бат байланышып турушат. Президент Токаев ноябрда Вашингтонго расмий сапар менен барган, жакында президент Трамп менен сүйлөштү жана жакын арада дагы Кошмо Штаттарга барат. Биз бул мамилелер мындан ары да жандуу ыргакта өнүгөрүнө ишенебиз", - деген элчи.

Ушул эле күнү ишеним грамоталарын Болгариянын элчиси да тапшырды. Элчи Георги Воденски президент Токаев Казакстан Болгария менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи. "Биз кызматташтыгыбыздын көлөмүн саясий чөйрөдө да, экономикада да кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз", - деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Сентябрдын аягында Казакстандын президентинин жардамчысы жана басма сөз катчысы Руслан Желдибай Telegram’га Касым-Жомарт Токаев менен АКШ президенти Дональд Трамп түшкөн сүрөттөрдү жарыялаган. Ал баракчасына Трамп менен Токаевдин кол алышканы тартылган жана эки президенттин оң жагында АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп турган эки сүрөттү илген.

Лидерлердин жолугушуусу кайсы күнү жана кандай шартта өткөнү тууралуу маалымат берилген эмес. Желдибай сүрөттөрдүн астына кыскача гана "Нью-Йорк, АКШ, 2025-жыл" деп жазган.

Сүрөттөрдү талкуулаган колдонуучулар бир жагдайга көңүл бурушкан: Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын биринчи күнү уюмдун штаб-квартирасына кызыл галстук тагынып барган, Токаев менен түшкөн сүрөттө көк галстук тагынып турган.

БУУнун иш-чарасынын алкагында эки президенттин жеке сүйлөшүүлөрү өткөнү тууралуу расмий маалымат берилген эмес. Өткөн жылдын 22-сентябрында лидерлердин телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу гана кабар тараган.

Былтыр декабрь айында АКШ президенти Дональд Трамп Казакстан жана Өзбекстан лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аларды кийинки жылы "Чоң жыйырманын" (G20) саммитине Майами шаарына чакырган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трампты өзүнө ыңгайлуу убакта Казакстанга жана Өзбекстанга расмий сапар менен келүүгө чакырышкан.

Токаевдин айтымында, АКШ президентинин мындай сапары "тарыхый окуяга айланышы мүмкүн".

Трамп кайрадан бийликке келгенден кийин Кошмо Штаттар Борбор Азия чөлкөмү менен саясий жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурууда. Вашингтон чөлкөмгө стратегиялык мааниге ээ минералдык ресурстардын булагы катары карайт. Америка Кошмо Штаттарынын чийки затка бай өлкөлөргө болгон кызыгуусу Кытай сейрек кездешүүчү металлдар рыногунда монополия кылып, жогорку технологиялуу өндүрүштө колдонулуучу бул элементтердин экспортун чектегенден кийин күчөгөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG