Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдөгү дыйкан-фермерлерге кайрылып, быйыл сугат суу жетишсиздиги күтүлүп жатканын эскертти.
Министрлик буга климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачын аз жаап жатканын негиздеп, быйылкы жылдагы вегетациялык мезгилде суу ресурстарынын тартыштыгы ыктымалдыгын билдирди.
"Ушул себептен, сугат суусунун көлөмү чектелүү болуп, айрым аймактарда суунун жетишсиздиги күтүлүүдө.Дыйкан-фермерлерди учурдагы кырдаалды түшүнүүгө жана сууну үнөмдөөчү ыкмаларды колдонууга өз үлүшүн кошууга чакырабыз", - деп жазылган маалыматта.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды сууну үнөмдөп, тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну, сууну аз талап кылган эгин, жашылчаларды өстүрүүгө жана кургакчылыкка чыдамдуу үрөн себүүгө өтүүнү сунуштады.
Ошол эле учурда министрлик сугат мезгилинде суу адилеттүү жана тең салмактуу бөлүштүрүлөрүн белгиледи.
Жаан-чачындын аз жаашынан дарыялардагы суу да азайып, суу сактагычтар толбой жатканы айтылууда. 14-январь күнү Министрлер кабинети өткөргөн жыйында өлкөнүн башкы суу чөйчөгү, энергетиканын булагы болгон Токтогул суу сактагычында суу 9 млрд куб метрге чейин азайып кеткенине тынчсыздануу айтылган.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине