Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Ашууларда жол ачык, каттам бар


Тоодогу кум себилген жол. Январь, 2026-жыл. (Сүрөт Транспорт жана байланыш министрлигине таандык)
Тоодогу кум себилген жол. Январь, 2026-жыл. (Сүрөт Транспорт жана байланыш министрлигине таандык)

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда Кыргызстандын тоолуу жолдорундагы ашууларда жол ачыктыгын, каттам бар экенин кабарлады.

Министрликке караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тоолуу жолдордо тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатат.

Айдоочуларга кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо жана керектүү шаймандарды ала жүрүү эскертилүүдө.

Тоодогу жолдорго кум себүү. Январь, 2026-жыл.
Тоодогу жолдорго кум себүү. Январь, 2026-жыл.

Кыргызгидрометео ишканасы 16-январда өлкө аймагында жаан-чачын катуу жаашы күтүлүп жатканын, 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин өзгөрөрүн кабарлаган. Тоолуу жолдорго күрткү чогулушу жана кар көчкү түшүү коркунучу бардыгы эскертилген.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG