Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Орусияда түрмөдө келишимге кол коюп, согушка кеткен өзбек жараны соттолду


Новосибирскинин гарнизондук аскердик соту Өзбекстандын жараны Жасуржон Эргашалиевди чек арадан мыйзамсыз өткөнгө аракеттенген деген кине менен соттоду. Былтыр сентябрда чыккан өкүм тууралуу дүйшөмбү күнү "Медиазона" басылмасы жазды.

Маалымат боюнча 2023-жылдын апрелинде Эргашалиев Челябинскиде маңзаттарын сатууга аракеттенгени үчүн 11 жыл 8 айга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Абакта ал орус Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюп, Украинага каршы согушка жөнөтүлгөн. Басылма өзбек жараны майданда жаракат алган болушу мүмкүн деп жазат. Былтыр майда дарылангандан кийин Новосибирскиде Казакстан менен чек арадан өткөрүүгө жардам сурап бирөөлөргө кайрылган.

Эргашалиевди чек арадан өтүүгө аракеттенген жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү кармап кетишкен.

Буга чейинки мөөнөтүн өтөп бүтпөгөндүктөн ага 7 жыл 9 ай абак жазасы чегерилди.

Өзбекстандын канча жараны орус армиясынын катарында согушуп жүргөнү белгисиз. Ташкент андай статистиканы жарыялабайт.

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору былтыр октябрда Өзбекстандын кеминде 2 715 жараны Украинага каршы согушканын же согушуп жүргөнүн аныктаган.

Долбоордун эсебинде, 2023-жылы Орусия тарапта 498 өзбекстандык, ал эми 2025-жылдын алгачкы алты айында дээрлик 1300 адам согушкан.

UzNews Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме менен 2022-жылдан бери өлкөдө чет жактардагы куралдуу жаңжалдарга жалдануу беренеси менен 338 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Мекеме ал адамдардын диний-экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдарга кошулганын же чет өлкөлүк аскердик түзүмдөргө жалданганын аныктаган. Кайсы жаңжалдар тууралуу кеп болгону белгисиз.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG