Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Окумуштуу жана адабият таануучу Омор Сооронов дүйнөдөн кайтты


Омор Сооронов. Архивдик сүрөт.
Омор Сооронов. Архивдик сүрөт.

20-январда 86 жаш курагында ири окумуштуу, адабият таануучу, сынчы, акын Омор Сооронов (О. Соорон-Сопу) дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 21-январда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту кабарлап, анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Омор Сооронов Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында туулган. Эмгек жолун 1958-жылы Базар-Коргон басмаканасында арип терүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1959-1962-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1967-жылы Жалал-Абаддагы Пушкин атындагы окуу жайына окутуучу болуп жөнөтүлгөн.

1969-1979-жылдары жана 1981-жылдан тартып Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1979-1981-жылдары “Кыргызстан” басмасынын көркөм оригинал адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992-1995-жылдары Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин улуу окутуучусу жана Илимдер академиясынын улук илимий кызматкери болуп иштеген.

Соороновдун ырлары 1954-жылдан тартып басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы “Тоолорумдун зыйнаты” 1971-жылы жарык көргөн. Алты поэтикалык жыйнактын, эки монографиянын, адабий-сын макалалар жыйнагынын автору. 1980-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Омор Сооронов кыргыз адабият таануу илиминин жана архив таануунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 180ден ашуун басма илимий эмгектин, анын ичинде 16 монографиянын автору.

Окумуштуу көркөм сында, айрыкча адабият таануу илиминде көп эмгектенген. Унутта калган акын, жазуучулардын, тарыхчылардын, искусство адамдарынын чыгармаларын, эмгектерин иликтеп, араб, латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп жарыялаган.

Сайф ад-дин ибн Дамулла Шах Аббас Аксыкентинин XV кылымдын аягында жазылган “Мажму ат-таварих” (“Тарыхтардын жыйнагы”), 1855-жылы Кудаяр хан жаздырган “Насаб-наама” китебин, Молдо Нияздын “Санат дигарасттар”, Молдо Кылычтын “Казалдар”, Молдо Багыштын “Абак дептери”, Молдо Аширдин “Азирети эшен пирибиз”, Белек Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы”, Касым Тыныстановдун “Капастан чыккан ырлар”, Магзунинин “Фергана хандарынын тарыхы”, Актан Тыныбек уулунун “Актан”, Мукай Элебаевдин “Жарыяланбаган чыгармалар”, Тоголок Молдонун “Манас” кол жазмасын жана башкаларды китеп кылып, басмадан чыгарган.

Эки томдук “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” (1987, 1990-жж.), 7 томдук “Кыргыз адабиятынын тарыхы” (2004, 2005-жж.), эки томдук “Кыргыз адабият таануу илими жана сыны” (2005-ж.), 1988-жылы Москвадан чыккан “Антология педагогической мысли Киргизской ССР” деген фундаменталдуу эмгектердин негизги авторлорунан болуп саналат.

Өтөгөн эмгектери үчүн Эл агартуунун мыктысы наамына жана илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 2017-жылы “Манас” орденинин III даражасы менен сыйланган. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG