Тегеран: Өрттөлгөн мечиттер жана жымжырттык
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
1
Тегеран. Өрттөлгөн имарат. Ирандагы соңку окуялар 1979-жылдагы ислам революциясынан берки эң ири акция болуп калды.
2
Тегеран. Соңку митингдер учурунда өрттөлгөн өрт өчүрүүчү автомашина. Баннерлердин биринде "Иран, о, менин өлкөм" деп жазылып турат. Ирандын борбор калаасында нааразылык акциялары жыл этегинде - 28-декабрда башталган. Демонстранттар улуттук валютанын наркы өтө эле төмөндөп, инфляция деңгээли жогорулап кеткенине нааразылыгын билдирип чыгышкан.
3
Тегеранда өрт чалган дагы бир имарат. АКШдагы ирандык HRANA укук коргоо уюмунун соңку маалыматына караганда, жалпы Иранда нааразылык акциялары ырайымсыздык менен күч колдонулуп басылганда каза болгондордун саны 4,5 миңден ашты, он миңдеген киши камакка алынды.
4
Ал эми бул Тегеранда жайгашкан "Аянде" банкына таандык болгон имарат. Аталган банк былтыр октябрда жемкорлук тууралуу айыптоолордон кийин банкрот болгон. Серепчилердин пикиринде, бул банктын көйгөйү Иранда элдин соңку нааразылыгын тутандырган себептердин бири болгон.
5
Тегеран. Мамлекеттик салык кызматынын имараты да башаламандык учурунда өрттөлгөн.
6
20-январь.Тегерандын чет жакасындагы конушта карда ойноп жаткан балдар. Иштөөсүнө расмий уруксаты бар медиа каражаттары жарыялаган ушул сыяктуу сүрөттөр өлкө кадимки жашоого кайтып жатканын көрсөтөт. Бирок Иранда дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турганын, күч кызматкерлери митингге чыккандарды аныктоо үчүн адамдарды туш келди токтотуп, телефонун текшерип жатканын 17-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматы "Фарда" жазган.
7
Тарыхый ишмерлер жана АКШ президенти Дональд Трамптын сүрөтү тартылган, "доминонун кулашы" деген жазуу менен коштолгон баннер.
8
Тегерандын борбордук Революция аянтында бараткан кыздар. Арткы пландагы баннерде "Иран биздин өлкөбүз, анын туусу биздин кепинибиз" деп жазылып турганын көрүүгө болот.
9
Тегерандагы Абузар мечити. Козголоң учурунда бул жай да жабыркаган. 1981-жылы дал ушул мечитте аятолла Али Хаменеинин өмүрүнө кол салууга аракет жасалган. Ошол кезде президенттикке талапкер болгон Хаменеи азыр өлкөнү жогорку руханий лидер катары башкарууда.
10
Тегерандагы ал-Расул мечитинде да соңку элдик акциялар учурунда өрт чыккан. Айрымдардын айтымында, бул жайга кол салуунун себептеринин бири азыркы режимдин диний идеологиясы болду. "Режим эмне гана кылбасын, актанганда да, түшүндүргөндө да динге жамынат", - деди пикирин жазгандардын бири.