Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:41

Пентагон коргонуу боюнча жаңы стратегиясын жарыялады


Пентагон
Пентагон

АКШнын Коргоо министрлиги улуттук коргонуу боюнча жаңы стратегиясын жарыялады.

Анда жакынкы келечекте Орусия НАТО мүчөлөрү үчүн "туруктуу, бирок башкарылуучу коркунуч" бойдон калары айтылган.

"Орусия ар кандай демографиялык жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканына карабай, Украинадагы уланып жаткан согуш бул өлкө мурдагыдай эле аскердик, өндүрүштүк кубаттуулуктун коруна ээ экенин айгинелейт", – деп жазылган документте.

Жаңы стратегияга ылайык, Пентагон "АКШнын аймактарын Орусиядан туулган коркунучтан коргоо үчүн аскерлердин даярдыгын камсыздайт".

"Москва Европадагы гегемонияга атаандаш болгудай абалда эмес. Европалык НАТО экономика, калктын саны, көмүскө аскердик кубаттуулук боюнча Орусиядан алдыда", – деп белгиленген анда.

Стратегиянын бир бөлүгү Кытайга арналып, "дүйнөдөгү күчтүүлүгү боюнча Америкадан кийинки экинчи мамлекет " деп аталган.

Документте Пентагондун максаттарынын бири Кытайды Инд-Тынч океан аймагында "конфронтация эмес, күчтүн жардамы менен" кармап туруу экени да жазылат. Кытай олуттуу ички экономикалык, демографиялык, социалдык маселелерге кабылып жатканы, бирок анын кубаттуулугу өсүп жатканы факт экени кошумчаланган.

Вашингтондун улуттук коргонуу стратегиясы мурда Ак үй жарыялаган улуттук коопсуздук стратегиясындай эле "Баарынан мурда Америка" деген жобонун негизинде түзүлгөн. Улуттук коопсуздук жана өнөктөштөргө жардамды кыскартууга багытталган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG