Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

"Киевсууканал" борбор шаарда суу берүү толугу менен үзгүлтүккө учураганын билдирди

Орусиянын чабуулунан улам Киев баштаган бир катар шаарлар электр энергиясыз, жылуулуксуз жана суусуз калган.
Орусиянын чабуулунан улам Киев баштаган бир катар шаарлар электр энергиясыз, жылуулуксуз жана суусуз калган.

Украинанын борбору Киев шаарынын бардык райондорунда суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу 31-январда “Киевсууканал” ишканасы билдирди жана муну энергетика тармагындагы авария менен байланыштырды.

Мекеме учурда алардын адистери энергетиктер менен бирге суу-канализация чарбасын ток менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн чогуу иштеп жатканын белгиледи. “Киевсууканал” бул иштер качан аяктарын тактаган жок.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко электр жарыгын берүүдөгү маселелерден улам метро токтогонун билдирди.

Өлкөнүн энергетика министри Денис Шмыгаль Телеграм каналына жергиликтүү убакыт менен 10:42де энергосистемада каскаддык өчүүлөргө алып келген авария болгонун жазды. Мындан улам Киев, Житомир жана Харьков облустарында маал-маал менен өчүрүү башталды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Шмыгаль менен премьер-министр Юлия Свириденко ага авариялык абал тууралуу маалымат беришкенин кабарлады. Бийликтин алдында кырдаалды чукул арада жөнгө салуу тапшырмасы турганын белгиледи.

Кыш башталгандан бери Орусия Украинанын энергетикалык булактарын бутага алып, Киев баштаган бир катар шаарлар электр энергиясыз, жылуулуксуз калууда.

АКШ президенти Дональд Трамп кышкы сууктан улам Орусиянын президенти Владимир Путинден Киев баштаган украин шаарларын бир апта ичинде аткылабай турууга чакырганын билдирген. Ал Путин мындай сунушуна көнгөнүн маалымдаган. Украин резиденти Владимир Зеленский АКШ лидеринин билдирүүсүн кубаттаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG