Москва менен Кабул ооганстандык эмгек мигранттарын Орусияга тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кабул бул багытта оң чечим кабыл алынарына үмүт артып жатканын 2-февралда ТАСС агенттигине берген маегинде "Талибан" кыймылы көзөмөлдөгөн ооган өкмөтүнүн Орусиядагы элчиси Гүл Хасан билдирди.
Анын айтымында, эмгек миграциясы боюнча эки өлкөнүн ортосунда буга чейинки сүйлөшүүлөр оң жыйынтык берет дегенге негиз бар. Элчи бул багыттагы диалог эки тарап үчүн тең пайдалуу экенин белгиледи.
Гүл Хасан Ооганстан калкынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөрүн айтып, өкмөт эмгек рыногунда суроо-талап бар өлкөлөргө тажрыйбалуу жана кесипкөй кадрларды жөнөтүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.
Буга чейин орус бийлиги 2026-жылы Орусияга кеминде 40 миң Индия жараны мигрант катары келерин билдирген.
Бул тууралуу өткөн жылы орус президентинин атайын өкүлү Борис Титов билдирген. Ал мунун себебин эмгек рыногундагы кадр тартыштыгын жоюунун маанилүү багыттарынын бири катары түшүндүргөн.
2025-жылдын аягына карата Орусияда 70–80 миңге чейин жараны иштеп жүргөнүн Индиянын Москвадагы элчиси Винай Кумар маалымдаган.
Орусияда акыркы жылдары миграциялык саясат катаалдашып, борбор азиялык мигранттардын жашоосу оорлоду. Маселен, орусиялык күч органдарынын текшерүү же рейд учурунда кысым көрсөтүүсү, Украинадагы согушка азгыруусу күч алганы кабарланып келет.
Шерине