5-февралдан 7-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусуна, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-февралда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндуз 9…14
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 2…7
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -1…-6
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 14…16° жылуу болот.
Шерине