Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Кыргызстандык 16 жаран өкмөттүк программа аркылуу Түштүк Кореяга иштегени кетти

3-февраль күнү Кыргызстандын 16 жараны Түштүк Кореяга өкмөт аралык программа аркылуу иштөө үчүн кетти. Алар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун EPS программасы аркылуу жиберилгенин аталган министрлик маалымдады.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аларга кетээр алдында 5 күндүк семинар уюштуруп, иштөө чөйрөсүнө ылайыкташуу, корей элинин маданиятын, тарыхын тааныштырды. Ошондой эле окууда болочок эмгек мигранттарына жүрүм-турум эрежелери, эмгек этикасы жана башка жол-жоболор үйрөтүлдү.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу Түштүк Кореянын Эмгек министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 5000ден ашуун кыргызстандык жаран расмий ишке орношкон.

Ушул тапта EPS программасынын негизинде Кореяда 1500дөн ашуун кыргызстандык иштейт, алардын басымдуу бөлүгү өндүрүш тармагында. Орточо эмгек акы 1700 АКШ доллары, мында жашоо жана тамактануу чыгымдарын (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарап көтөрөт.

EPS - Түштүк Кореяда расмий жумушка орноштуруучу программа. Ага катышуу үчүн корей тилин жетиштүү деңгээлде билүү талап кылынат.

2025-жылы аталган программа менен Кыргызстандын 232 жараны, анын ичинде 30у аялдар, Түштүк Кореяга жумушка жиберилген.

Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн жылына квота бөлгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына ылайык, бул өлкөдө 15 миңге жакын кыргыз жараны иштейт. Алардын арасында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарды ТИМ 2025-жылдын 1-декабрынан тартып 90 күндүн аралыгында, тактап айтканда, 28 февралга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары жана мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурдагы кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбасын эскерткен.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG