Бакудагы Аскердик сот Тоолуу Карабак жикчил жумуриятынын мурдагы жетекчилерине өкүм чыгарып жатат. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азербайжан кызматы жана Azertac агенттиги кабарлашты. Маалыматка караганда, жумурияттын мурдагы жетекчиси Араик Арутюнян, армиянын мурдагы командири Левон Мнацаканян, анын орун басары Давид Манукян, Тоолуу Карабактын парламентинин мурдагы спикери Давид Ишханян, жумурияттын тышкы иштер министринин мурдагы башчысы Давид Бабаян өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынды.
Өкүм угузуу уланууда. Иш боюнча жалпысынан 15 адам айыпталууда, алардын арасында Тоолуу Карабактын мамлекеттик министри Рубен Варданян да бар. Алардын бардыгы 2023-жылы Тоолуу Карабак аймагы Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн кийин кармалган. Аларга "агрессивдүү согушту даярдоо жана жүргүзүү", "согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу", "геноцид", "терроризмди каржылоо", "бийликти күч менен басып алуу жана киши өлтүрүү" өңдүү оор айыптар тагылган.
- Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакка байланыштуу аймактык талаш 1980-жылдардын аягынан бери уланып келген. Калкынын басымдуу бөлүгүн этностук армяндар түзгөн Тоолуу Карабак автономдуу облусу Армениянын колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында "Тоолуу Карабак Республикасы" түзүлгөнүн билдирген.
- 1988–1994-жылдардагы куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө бул аймакта 30 миң адам каза болгон. Тоолуу Карабак жана ага чектеш бир нече Азербайжан райондору Армениянын куралдуу күчтөрүнүн иш жүзүндөгү көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада жүз миңдеген адамдар, негизинен этностук азербайжандар, качкын жана ички жер которгон адамдарга айланган.
- "Тоолуу Карабак Республикасы" Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон бир да мамлекет тарабынан, анын ичинде Армения тарабынан да расмий таанылган эмес. 1993-жылы БУУ армян аскерлерин Карабак аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылган жана бул аймакты Азербайжандын бир бөлүгү катары тааныган төрт резолюция кабыл алган.
- 2020-жылдын сентябрынын аягында кырдаал кайрадан курчугандан кийин Азербайжан Тоолуу Карабактын айланасындагы аймактарды кайрадан өз көзөмөлүнө алып, тарыхый жана символдук мааниге ээ Шуша шаарын (армянча — Шуши) басып алган. Шуша алынгандан кийинки күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабакта ок атышпоо тууралуу билдирүүгө кол коюшкан. Макулдашууга ылайык, тараптар документке кол коюлган учурда аскерлер турган аймактарды өзүндө калтырган. Байланыш сызыгынын бойлоруна Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгаштырылган.
- 2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан этностук армяндар жашаган Карабак аймактарында "антитеррордук операция" баштаган. Ал өзүн-өзү жарыялаган республиканын бийлигинин багынып бериши менен аяктаган.
Шерине