Казакстандык модель Гүлсезим Алтайбекова Индонезиянын Бали аралында орусиялык блогер Карина Фадеева менен болгон жаңжалдан кийин төрт жумага эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Фадееванын айтымында, Бали соту Алтайбекованы ага кенемте төлөөгө да милдеттендирди.
Алтайбекова менен Фадееванын ортосундагы жаңжал 10-январга караган түнү Бали аралынын Бадунг районундагы барлардын биринде чыккан. Орусиялык блогер билдиргендей, аны кимдир бирөө оор буюм менен катуу соккон. Андан соң ал эс-учун жоготуп, башы жана эрини жарылып кеткен. Ошондой эле угуу жөндөмү жарым-жартылай начарлаган.
Тергөө версиясына ылайык, жаңжал учурунда Алтайбекова Фадееваны көздөй темир чыракты ыргытып жиберген.
Казакстандык модель дароо кармалып, ага Индонезиядан чыгууга тыюу салынган. Алтайбекова андан соң сотту күтүп, камакка алынган.
Фадееванын айтымында, окуядан кийин Алтайбекованын өкүлдөрү сотко жеткирбей, кенемте сунуштап, жаңжалды жөнгө салууга аракет кылышкан. Бирок жабыркаган тарап сунушталган сумма келтирилген зыянды жаппайт деп, андан баш тарткан.
Жаңжал чыккан бардын администрациясы окуя тараптардын бири-бирине дооматтарынын негизинде башталганын, ошондой эле Фадееванын курбулары менен Алтайбекованын компаниясынын ортосундагы чыр себеп болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок бул версия расмий тастыкталган эмес.
Буга чейин Ulysmedia басылмасы жаңжал украин музыкасы жана саясий пикирлерден улам чыккан болушу мүмкүн деп жазган.
Маалыматка караганда, Фадеева украин музыкасына байланыштуу Алтайбековага эскертүү берген, ага жооп катары казакстандык модель «Слава Украине» деген ураан айткан. Бирок бул версияны тараптардын бири да расмий түрдө ырастаган эмес.
Шерине