Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) сунуштаган формалык кийимдердеги өзгөчө белгилерди алуу боюнча мыйзам долбоорго каршы. Бул тууралуу 10-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Анын айтымында, атайын кызмат сунуштап жаткан мыйзам долбоор прокурордук көзөмөлдүн көз карандысыздыгына доо кетирип, башкаруу системасындагы кооптуу теңсиздикти жаратышы мүмкүн. Коңкубаева бул өзгөртүүлөр техникалык мүнөздө болгону менен прокуратуранын бийлик системасындагы алсыздануусуна алып келерин кошумчалады.
Парламент комитетинде каралып жаткан “Прокуратура жөнүндө” жана «Атайын наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча” мыйзам долбоорлорго өзгөртүүлөр каралып жаткан. Бул документ боюнча баяндама жасаган УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазов мыйзам долбоорунда прокуратура, салык жана бажы кызматкерлеринин кийимдерине айрым айырмалоо белгилери же погондорду алып салуу каралганын билдирди. Авазовдун жүйөсүндө, бул органдар аскердик кызмат болуп саналбайт жана бул тармакта эмгектенгендин погон тагынуусу талапка жооп бербейт. УКМКнын өкүлү бул мыйзам долбоор прокуратуранын көз карандысыздыгына доо кетирет деген пикирлерди четке какты.
Аталган комитет мүчөлөрү УКМК сунуштаган мыйзам долбоорду жактырышты.
Шерине