Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусундагы дыйкандарды төө буурчактан башка өсүмдүктөргө өтүүгө чакырып жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында сүйлөп жатып быйыл төө буурчактын баасы боюнча көйгөй бар экенин, ал өсүмдүктү кайра иштетип экспорттоо каралып жатканын тактады.
“Биз азыр фумигацияны колго алып жатабыз. Бул – төө буурчакты оорулардан жана зыянкечтерден тазалаган процесс. Ошону жасап, товарды жакшылап таңгактоо зарыл. Экинчи маселе – биз аны белок катары мектептерге, аскер бөлүктөрүнө рационго киргизүүнү пландап жатабыз”, - деди Төрөбаев.
Ал азыктын бул түрүн сыртка ташуудагы транспорттун чыгымын баалап, бул багытта жардам көрсөтүү маселеси талданып жатканын кошумчалады.
Таласта төө буурчак 1990-жылдардын ортосунда эгиле баштаган. Андан бери жергиликтүү калктын киреше булагына айланган. Бирок соңку жылдары түшүм азайып, талаа иштерине кеткен чыгымды жаппай жатканы көйгөйгө айландган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдиришинче, 2025-жылы төө буурчак айдалган жерлердин аянты 55,8 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 84,2 миң тонна болуп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түздү.
Шерине